Ахмет Садык Доган: Кыргыз-Түрк мамилелери жылдан жылга өнүгүп бара жатат

Түркиянын Кыргызстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ахмед Садык Доган жергиликтүү телеканалдардын бири менен маек куруп, Кыргыз-Түрк эки тараптуу мамилелери жана алдыга коюлган максаттар тууралуу айтып берди.

Түркия менен Кыргызстандын ортосунда саясий мамилелердин өнүгүп жатканын көрүүдөбүз. Эки өлкөнүн саясий мамилелеринин келечегине кандай баа бересиз?

Кыргызстан менен Түркия боордош, дос өлкөлөр болгондуктан ортобуздагы мамилелер күндөн-күнгө өсүп жатат. Эки тараптуу жогорку даражадагы, маанилүү иш сапарлардын көбөйүшү бул айтылган сөздөрүбүзгө далил боло алат. 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери Түркияда өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында, Самаркандда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында жолукту. Андан сырткары парламенттерибиздин ортосунда да тыгыз байланыш сакталып турат. Өткөн жылы Түркия парламентинин төрагасы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отурумуна келип катышкан. Ошондой эле, былтыр ноябрь айынын аягында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев иш сапары менен Түркияга барып, кыргыз – түрк алакасын чыңдоо жана достук мамилени өркүндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 2023-жыл да биз үчүн, түрк дүйнөсү үчүн жемиштүү болот деген үмүттөмүн.

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерде соода тармагы өнүгүп баратат. 2022-жылы эки өлкөнүн ортосунда соода көлөмү кандай болду жана 2023-жылдагы көрсөткүчү кандай болот?

2022-жылы биздин мамлекеттердин арасындагы соода көлөмү 1 млрд долларга жетти. Алдыда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын 2 млрд долларга жеткирүү башкы максатын коюудабыз. Ал эми түркиялык ишкерлердин Кыргызстандагы инвестицияларынын көлөмү 2 млрд долларга жетип калды. Ошондуктан биздин инвестиция жана соода тармагындагы мамилелерибиз келечек үчүн чоң мааниге ээ деп эсептейм.

Кыргызстан көптөгөн тармактарга, айрыкча энергетика, саламаттык сактоо жана туризмге чет элдик инвестиция тартууну максат кылат. Түркиянын буга чейин Кыргызстанга салган инвестициялары жана алдыдагы пландары тууралуу кенен айтсаңыз?

1995-жылдан тартып 2022-жылга чейинки Кыргызстанга Түркия тарабынан салынган түз инвестициянын жалпы суммасы 1,2 млрд доллар болду деген ойдобуз. Ар кандай тармактарда салынган инвестициялар бар. «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы, Demir Bank, “Эти Бакыр Терексай» алтын кени, Анадолу холдинги тарабынан иштетилген Coca-Cola компаниясы, Sheraton мейманканасы, “Бишкек Парк” соода борбору инвестициянын негизги булактары болуп эсептелет. Түркиядан келген инвесторлорго жеңилдик бере турган тиешелүү мыйзамдар кабыл алынганы үчүн ыраазычылыгыбызды билдирсек болот.

Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында акыркы мезгилде жасалган эң маанилүү инвестициялардан болду. Оорукананын аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берсеңиз?

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга иш сапары менен келгенде оорукана тургузуу тапшырмасы күн тартибинде болгон. Андан соң ТИКА (Түрк кызматташтык жана координация агенттиги) оорукананы куруп, өткөн жылдан тарта иштей баштады. Анда негизинен жүрөк кан тамыр хирургиясы жана кардиология боюнча бейтаптар дарыланат. Ошондой эле жүрөккө операциялар жасалып, ангиография, баллондук ангиопластика жана стенддер коюлуп, андан башка бир катар операциялар Түркиядан келген адистер тарабынан жасалат.

Эки өлкөнүн ортосундагы маанилүү кызматташтык Билим берүү тармагы болуп саналат. Түркиянын кыргыз жаштары үчүн түзгөн билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтсаңыз?

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы Билим берүү багыты боюнча келишим 1992-жылы кабыл алынган. Андан көп өтпөй эле бул жакта Кыргыз-Түрк «Анадолу» кыздар кесиптик лицейи жана Кыргыз-Түрк «Анадолу» лицейи иштей баштаган. Азыркы учурда да бул окуу жайларда билим берүү уланып келет. Кыргыз жарандары менен бирге бул лицейлерде түрк жарандары да билим ала алышат. Ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кампусунда «Төмер» түрк тилин үйрөтүү борбору да бар. Быйыл буйруса төрт миң окуучуга тил үйрөнгөндүгү тууралуу сертификат тапшыруу пландалып жатат. Андан тышкары Билим берүүдөгү эң чоң долбоорлордун бири – бул «Манас» университети, ал жакта учурда алты миңге жакын студент бекер билим алууда.

Аскердик жана коопсуздук жаатында өз ара кызматташуунун азыркы учурдагы абалы жана алдыдагы максаттары тууралуу эмнелерди айта аласыз?

Аскер жаатында коопсуздук жана коргоо боюнча кызматташтык акыркы жылдары артып баратат. Коргоо-өнөр жай тармагындагы кызматташтыгыбыз жакшы деңгээлге чыкты. Бул тармактагы эки өлкөнүн негизги максаты – өлкөнүн коопсуздугун, элдин тынчтыгын сактоо, региондук коопсуздукка көңүл буруу болуп эсептелет. Биз Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө билим берүү, окутуу жагына да басым жасап келе жатабыз. Түркиянын аскердик-авиациялык академиясында окуган кыргызстандык студенттер да бар. Жалпысынан алганда 1600гө жакын кыргызстандык Түрк Куралдуу күчтөрүнүн окуу жайларына барып билим алып келишти.