Бообек Салимжанов президенттин иш башкаруучусунун орун басары болду

Бообек Салимжанов президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалат.

Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Бообек Салимжанов 2017-жылдан 2019-жылга чейин Орусиянын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу кызматын аркалаган.