Нарын ОИИБи: Кочкор РИИБдө тоноо кылмыш ишине шектүү эки жаран кармалды

Бул тууралуу Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, 2023-жылдын 30-январь күнү Кочкор РИИБнө Кочкор районунун тургуну Р.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, 29-январь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында ага бейтааныш болгон эки бала Кочкор районунун Кочкор айылыныда жайгашкан тез татым ашканаларынын жанында эч-себепсиз, коркутуп, ур-токмокко алып, арыз ээсине таандык болгон, баасы 13 000 сомду түзгөн «Самсунг А13» үлгүсүндөгү уюлдук кол телефонун ачык ээлеп алып, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кетишкени айтылат.

Мындан сырткары, 2023-жылдын 30-январында Кочкор РИИБна Кочкор районунун Кара-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Арсы айылынын тургуну М.У. арыз менен кайрылган. Анда, 29-янваоь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында, ага бейтааныш болгон эки бала, Кочкор районунун Кочкор айылынында жайгашкан тез татым ашканаларынын жанында эч-себепсиз, коркутуп, ур-токмокко алып, арыз ээсине таандык болгон, баасы 35 950 сомду түзгөн «Iphone XR» үлгүсүндөгү уюлдук кол телефонун ачык ээлеп алып, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кетишкен.

Аталган фактылар Кочкор РИИБдин МЭЖ АМСна катталып Кыргыз Республикасынын КЖКнин 206-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун (Тоноо) фактысы менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөө жана ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн болгон, Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Теңдик айылынын тургуну 2007-жылы туулган А.А.К. жана Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жол айылынын тургуну 2004-жылы туулган К.У.А. аттуу жарандардын өздүгү такталып, ТКна жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 96-беренесине ылайк Кочкор РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.

ЭСКЕРТҮҮ: Жогорудагы эки жарандан жабыркагандар болсо Кочкор РИИБнө, же болбосо 102 кыска номерине кайрылсаңыздар болот!

WhatsApp Image 2023 01 31 at 11.51.32 1 Нарын ОИИБи: Кочкор РИИБдө тоноо кылмыш ишине шектүү эки жаран кармалды