Бишкекте таштанды чыгаруунун тарифи жогорулады

Бүгүн, 31-январда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифти көтөрүү боюнча токтом долбоорун жактырышты.

Тариф калк үчүн бир адамга айына 41 сом (буга чейин 22,5 сом болгон), пенсионерлер үчүн 22,5 сом;

менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектилер үчүн — 1 куб метрине 361 сом, же тоннасына 2430 сом (КНСсиз) (буга чейин куб.метри 225 сомду түзгөн);

катуу таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн тоннасына 445 сом.

Буга чейин борбор калаада таштанды чыгаруу үчүн тарифти көтөрүү боюнча Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору жарыяланган.

Муниципалитет тарифти көтөрүү демилгесин күйүүчү майдын жана тетиктердин кымбатташы, Европа реконструкциялык жана өнүктүрүү банкынан алынган насыяны жабуу зарылдыгы тургандыгы менен байланыштырган.

Белгилей кетсек, Бишкекте таштанды чыгаруу боюнча тарифке акыркы алты жылдан бери өзгөрүү кире элек болчу.