Курманкул Зулушев “Азаттык” радиосу боюнча суроого жооп берди

Бүгүн, 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйында Башкы прокурор Курманкул Зулушев “Азаттык” радиосунун айланасындагы иштер боюнча суроого жооп берди.

«Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү боюнча прокуратура сотто кайсы бир тарап катары катышкан жок. Эгерде мыйзамсыз иштер болуп жатканы тууралуу кайрылуу түшсө прокуратура карап, баа беребиз»,-деди ал.