Башкы прокурор Улукбек Карыбек уулуна: “Кылмыштын белгилери болсо, жоопко тартыласыз”

Бүгүн, 31-январда Бишкекте башкы прокурор Курманкул Зулушевдин маалымат жыйыны өтүп, анда ал блогер Улукбек Карыбек уулуна карата ачылган ишти жеке көзөмөлүнө алууга даяр экенин билдирди.

Маалымат жыйында Улукбек Карыбек уулу башкы прокурорго суроо узатып, маек алуу, айрым мыйзам бузуу фактылары боюнча маалымат берүү үчүн кабыл алуусун өтүнгөн.

Башкы прокурор суроого жооп бергенден кийин, блогерге ачылган иш тууралуу сөз кылып, аны жеке көзөмөлүнө алууга даяр экенин белгиледи.

«Эгер сизге козголгон кылмыш иш боюнча нааразычылык болсо, төртүнчү күндөрү келиңиз, кабыл алып, жеке көзөмөлүмө алып, карап берем. Эгерде сиздин аракетиңиздерде кылмыштын белгилери болсо, жалпы жарандар катары жоопко тартыласыз. Эгер жок болсо, мыйзамсыз болсо, анда биз кыскартабыз», — деди Зулушев.

Эскерте кетсек, 11-январда блогер Ысык-Ата райондук милициясына сурак берген. Белгилүү болгондой, анын суракка чакырылышына Ысык-Ата районундагы Тажикстандан келген кайрылмандардын жагдайлары боюнча берүү чыгаргандан кийин, ал боюнча блогердин үстүнөн милицияга арыз түшкөнү себеп болгон.

Буга чейин Улукбек Карыбек уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча иш козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.