Баткенге уча турган аба каттамдар кайра жанданат

Ушул жылдын 7-февралында Бишкек — Баткен — Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам жанданат. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан кабарлашты.

Ата мекендик “Тез Жет” авиакомпаниясы жумасына бир жолу — шейшемби күндөрү каттайт.

Эске салсак, Баткен аэропорту аэродромдун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.