Улукбек Карыбек уулуна карата топтолгон материал сотко жөнөтүлгөн

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, блогер милициянын мыйзамдуу талабына баш ийбегендиктен, ага карата топтолгон материал сотко жөнөтүлгөн.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 10-июль күнү ИИМдин күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчиликтен жооптуу кызматкери милициянын майору К.Д., Бишкек шаарынын Москва көчөсүнүн дарегинде жайгашкан Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына саат 16:52 чамасында блогер К.У. видео тартуу тобу менен чоогу кирип, күзөт кызматынын кызматкеринин министрдин кабылдамасынан чыгуусун суранган учурунда “ЖМК жөнүндө” мыйзамына таянып кабылдамадан чыкпай өзүн орой алып жүрүп, коомдук тартипти бузган.

“Жогорудагы аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан жаран К.У. жүргөн жери аныкталып, укук бузуу протоколун толтуруу мүмкүн болбогондугуна байланыштуу Биринчи май РИИБдин коомдук коопсуздук кызматына жеткирилип, ал жерден Кыргыз Республикасынын УБжКнын 128-беренеси (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) менен жаран К.У., укук бузуу протоколу толтурулуп, жогорудагы жарандар койо берилген.

Түзүлгөн укук бузуу протоколдору Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жиберилген”, – деп айтылат маалыматта