Бир жумада борбордо 5989 айдоочу жол эрежесин бузган

2023-жылдын 30-июнь күнүнөн 7-июль күнүнө чейин Бишкек шаарынын айланасында, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытында жүргүзүлгөн рейддик иштердин жыйынтыгында, жол эрежелерин одоно бузган 5989 эреже бузуучуларды аныкташты, анын ичинен:

  • 28 мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;
  • 191 айдоочу унаа каражатын көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашыкча айдагандыгы үчүн;
  • 19 айдоочу унаа каражатынын терезелерин мыйзамсыз карангылаткандыгы үчүн;
  • 41 айдоочу унаа каражатын айдоочулук күбөлүгү жок башкаргандыгы үчүн;
  • 2949 жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн;
  • 380 унаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкаргандыгы үчүн;
  • 529 жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;
  • 1284 мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
  • 568 башка бузуулар;
  • 693 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.
    Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет. Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдаңыз.
    Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы