Ош ШИИБи Улукбек Карыбек уулунун кармалышы боюнча комментарий берди

Ош ШИИБ блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышы боюнча маалымат билдирет.

“2023-жылдын 7-июлунда саат 14:35те Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын  Сулайма-Тоо милиция бөлүмүнө, Ош областар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башкы дарыгери А.Асанова кабар берип, анда белгисиз журналисттер келип, төрөт үйүндө уруксатсыз видео-тасмага тартып жумушуна тоскоолдук кылып жаткандыгын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган билдирүү ошол эле күнү Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, ал жерде блогер журналист Карыбек уулу Улукбек жүргөндүгүн, аны төрөт үйүнүн кызматкерлери төрөт үйүнө киргизбей койгондугу аныкталып, ыкчам-тергөө тобу тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Андан кийин ошол эле күнү саат 19:30-20:00 чамасында, аталган блогер өзүнүн 2 шериги менен төрөт үйүнүн арткы эшигин бузуп, эч кимдин уруксаты жок, санитардык нормаларды сакташпай, тактап айтканда бахила, маска, халат кийбей төрөт үйүнүн кайра жандандыруу бөлүмүнө кирип келген учурда, дарыгерлер санитардык нормаларды сактабагандыгын эскертишип, кирүүгө мүмкүн эместигин айтышканда, алардын талабына баш ийбестен дарыгер Жабар уулу Эрмектин колун кайрып, экинчи дарыгер Джумабекова Аксананы түртүп жибергенде, ал башы менен дубалга тийип, алардын талабына баш ийбестен каршылык көрсөтүп, төрөт бөлүмүнүн экинчи кабатынын эшигин бузуп, төрөттөн кийинки жаткан Ж.Д.дан интервью алып, андан соң төрөт үйүнүн ар бир палатасына кирип, ал жерде төрөттөн кийинки жаткан 10дөй адамдан интервью алгандыгы аныкталган.

Натыйжада, Ош областтык бириккен клиникалык төрөт үйүнө 36 996 сомдук материалдык чыгым келтирилген. Текшерүүнүн жүрүшүндө, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын дарыгерлери Э.Д.Ж.уулу жана А.Д.дын денелерине келтирилген жаракаттарынын аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында төрөттөн кийин жатышкан 20 бейтап, төрөт стационарынын башкы дарыгери А.Асановага кайрылуу жасашып, анда блогер Улукбек Карыбек уулу төрөт үйүнө санитардык нормаларды сактабай мыйзамсыз бастырып киришип, уруксатсыз эле тасмага тартып, ар кандай суроолорду берип, бейтаптардын тынчын алышкандыгын жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга жугуштуу оорулар жугуп калышы ыктымал экендигин билдиришкен. Аталган материалдар боюнча учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Улукбек Карыбек уулу өзүнүн фейсбук баракчасына маалымат таратып, ал маалыматта “милиция кызматкерлери кармап, Ош шаарына алып бара жатышат” деген кабар тараткан.

Аталган маалымат боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы төмөндөгүлөрдү билдирет: Азыркы учурда Улукбек Карыбек уулу Ош шаардык тергөө кызматына жогоруда айтылган материалдардын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) белгилери менен кылмыш иши козголуп, У. К. уулуна алгачкы сурак иштери жүргүзүлүп, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Окуя боюнча тергөөнүн жүрүшүнө карап, кошумча маалымат берилет”, – деп айтылат маалыматта.