Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
2023-жылдын январь айдын 20-күнүнөн 26-күнүнө чейин Бишкек шаарынын айланасында, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытында жүргүзүлгөн рейддик иштердин жыйынтыгында, жол эрежелерин одоно бузган 5878 эреже бузуучуларды аныкташты, анын ичинен:
- 51 Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;
- 2 айдоочу автоээнбаштык үчүн;
- 37 Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүү;
- 3224 жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн;
- 71 транспорт каражатын тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү же транспорт каражатын каттоочу документи жок башкаруусу;
- 150 Жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;
- 1313 Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
- 1030 башка бузуулар;
- 690 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.
Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет. Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдаңыз.