Ысык-Көл: Бостериден Кара-Ой айылына чейин канализация курулат

Ысык-Көлдүн Бостери айылынан Кара-Ой айылына чейин 61 млн долларга канализация (саркынды суу түтүгү) тутуму курулат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуникалдык чарба мамлекеттик агентигинин директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу долбоордук-сметалык документацияны даярдоого франциялык компания тандалып алынды.

“Долбоордун баасы 61 млн долларды түзөт. Бостериден баштап, Кара-Ой айылына чейин канализация салынат. Бостеридеги саркынды сууну тазалоочу насостук станция жаңыдан курулуп, ордунан көчүрүлөт. Ошондой эле Саймалуу-Ташка кеткен атайын туристтик жол салынып, тарых музейдин имараты курулат”, — дейт ал.

Абдыраев учурда долбоордук-сметалык документация бүткөнүн айтып, жазында парламентке ратификацияга алып келерин кошумчалады.