Ош облусунда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 20-январь күнү Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагында жаран “Б” баңгизатты колдонуп жана сактап жүргөндүгү туурасында ыкчам маалымат алынган. Бул маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. 2023-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмүндө (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.


Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө жаран “Б” Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын тургуну 33 жаштагы С. Б. экендиги аныкталган.


2023-жылдын 21-январында Чоң-Алай районунун Шиман жайлоосунда изин жашырып, качып жүргөн жеринен кармалып, кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлгөн кезде жанынан кескин жыты бар заттар табылып алынган.

Табылып алынган заттарга карата соттук-химиялык экспертиза дайындалган.
Кылмышка шектүү катары кармалган Б.С Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматына жактоочусунун катышуусунда көрсөтмө берди. Шектүү Б.С. буга чейин алдамчылык, жасалма документтерди даярдоо, бейбаштык, баңгизатын ири ѳлчѳмдѳ сактоо боюнча 4 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

WhatsApp Image 2023 01 23 at 13.11.23 Ош облусунда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды


Тергөө мезгилинде дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык жанынан чыккан кагазга оролгон заттын таза салмагы 0,383 мг. канабис чайыры – гашиш, ал эми курткасынын чөнтөгүнөн алынган зат 28, 655 гр. кургатылган марихуана экендиги аныкталды.
2023-жылдын 21-январь күнү 33 жаштагы С.Б Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелеринин талаптарына ылайык Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

WhatsApp Image 2023 01 23 at 13.11.24 Ош облусунда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды