Көмүрдү жасалма акчага сатып алган жаран кармалды

Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

2023-жылдын 22-январь күнү Сокулук РИИБне арыз менен Сокулук айылынын
тургуну Ж.Э. кайрылып, 22-январь күнү саат 14:30 убакытта жашы 35
чамасында болгон бейтааныш адам жасалма 200 АКШ долларын берип 1,700
тонна көмүр сатып алып, 4300 сом акчаны кайтарып окуя болгон жерден изин
жашырып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.
Аталган окуя Сокулук РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 233беренесинде көрсөтүлгөн (жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо)
кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.

Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө
иш-аракеттеринин натыйжасында, аталган кылмыш ишине шектүү болгон
1987-жылы туулган Дж.А. аттуу жаран Сокулук айылында дагы бир жерден
жасалма акчага көмүр алып жаткан жеринен кармалды. Кармалган учурда
жанында дагы 75-даана 500 евро купюра жана 67-даана 100 АКШ доллар
купюра табылды.

Шектүү 1987-жылы туулган Дж.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын
КЖПКнин 96-беренесинин талаптарына ылайык, убактылуу кармоочу жайына
киргизилди.

Учурда кармалган жаран бул окуядан башка жасалма акча менен дагы бир
нече кылмыш жасаганы аныкталды.
Тергөө амалдары улантылууда.