1-СИЗОго тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракет кылган контролер кармалды

Борбор калаадагы абакка тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракет кылган контролер кармалганын ЖАКтан билдиришти


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы активдүү күрөш жүргүзүлүүдө.


Бул иш-чаранын жүрүшүндө No21- мекеменин (СИЗО-1, Бишкек ш.) ыкчам кызматкерлери тарабынан аталган мекеменин улук контролеру Т.Д., кызматтык милдетин аткарууга келе жатып, тыюу салынган буюмдарды жашыруун алып өтүүгө аракет кылган.


Тактап айтканда: 20 миң сом өлчөмүндө накталай акча; спецификалык жыты бар ак порошок түрүндөгү зат (болжол менен баңги заты) болжол менен 2 грамм салмактагы белгисиз баңги затынын 14 капсуласы.
Бул факт автоматташтырылган маалымат системасынын маалымат журналында катталган. Материалдар сотко чейинки өндүрүш үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди. Ички иликтөө жүргүзүүдө.


Коррупциянын бардык көрүнүштөрү жана мыйзам бузуулар боюнча жарандар ЖАКнын ишеним телефонуна (0312) 43-11-77 номери аркылуу кайрылса болот.

441d71c1 85e6 4e2d 89fb 239804fd6a91 1-СИЗОго тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракет кылган контролер кармалды
a2f393df ea5a 469a 9c48 e2be02fbc412 1-СИЗОго тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракет кылган контролер кармалды