15 миң доллар пара алган УКМКнын тергөөчүсү эки айга камакка алынды

Ош шаарында 15 миң доллар пара алып жатып кармалган УКМКнын тергөөчүсү эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, анын баш коргоо чарасы Октябрь райондук соту тарабынан 22-январда каралган.

«Т.Ы.га карата 2023-жылдын 19-мартына чейин камакка алуу бөгөт чарасы колдонулду. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 20-январда Башкы прокуратура Ош шаарында УКМКнын тергөөчүсү 15 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөнүн билдирген.