Кыргызстан арзан жумушчу күчүнүн өлкөсүнө айланабы?

18-январда социалдык тармактарда Улуу Британияга жумушка кетүү үчүн арыз таштаганы келген жүздөгөн адамдар Ишеналы Арабаев атындагы университеттин алдына чогулган видео тараган. Андан мурдараак Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу борбору кыргызстандыктарды Британияга жумушка кетирүү үчүн арыздарды кабыл алууну баштаганын кабарлаган. 

Кыргызстан арзан жумушчу күчүнүн өлкөсүнө айландыбы? Мындай келишим түзүүлөр менен Кыргызстан экономикасын көтөрүп, жакырчылыктан чыга алабы? Мунун пайдасы жана зыянын Bulak.kg анализдеп, бир катар суроолорго жооп издеди.

 Өкмөт тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөр    

Жыл башы менен соцтүйүндөрдө “Европага жумуш бар, айлыгы баланча миң доллардан жогору” деген жанамалар байма-бай чыгууда. Ал арада Кыргыз өкмөтү кыргызстандыктар үчүн Британияга 2000 адамга жумушка квота бөлүп, арыздарды кабыл ала баштады. 

Мындан сырткары, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу борбору кыргыз жарандарын Кувейтке тейлөө тармагына жана Венгрияга фабрикага иштөөгө жиберүүнү пландап жатканын билдирди.

Былтыр Орусия Украинага бастырып киргенден кийин Орусиядагы кыргыз мигранттар өз өлкөсүнө агыла баштаган. Мындан улам өлкөдө жумушсуз жаштардын саны өсүп, экономика солгундаганы байкалган. Өкмөт жумушсуздуктун санын азайтуу үчүн башка өлкөлөр менен жумуш келишимдерин түзө баштаган.

Алгач эле Министрлер кабинети былтыр Түштүк Кореяга завод-фабрикаларга иштөө үчүн 1815 адамга квота бөлүп, жумушка жөнөткөн. Анын артынан эле Британияга 1000 адамды жумушка орноштуруу боюнча келишим түзүлгөн. Ошондой эле Социалдык камсыздоо министрлиги Жапония, Германия жана Финляндия өлкөлөрү менен жумуш берүү боюнча келишим түзүп жатканын маалымдаган, бирок канча адамга келишим түзүлөрү жана анын канчасы жөнөтүлгөнү тууралуу кабарланган эмес.

Орусиядан Европага оогон кыргыз мигранттары

Биз бул макаланы даярдап жатып, алгач Орусияда эмгектенип келген мигранттар менен сүйлөшүп көрдүк. Бизге атын айтып, ачык интервью берүүгө макул болгон 27 жаштагы Улук Темирбек уулу мигранттарды түйшөлткөн бир топ жагдайларга токтолду. 

Улук Украинада согуш башталганга чейин эле Орусияга мигрант болуп кеткен. Бирок ал жакка баргандан кийин көп өтпөй Орусия Украинага бастырып кирип, аларга карата көптөгөн мамлекеттер санкцияларды киргизген. Мындан улам Улуктун Орусияда иши жакшы жүрүшпөй декабрь айында Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болгон.

“2022-жыл биз үчүн оор эле жыл болду. Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаал баарыбызды, айрыкча мигранттарды ойго салды. Мен мурда Кыргызстанда курулуш тармагында эмгектенчүмүн, жеке компаниялар менен иштешкем. Анан аларда деле жумуш начарлап калды, себеби курулушка керектүү материалдар кымбаттай баштады. Айла жок жумушумду таштап, Орусияга кетүүгө аргасыз болдум”, – деди ал.  

Улуктун айтымында ал Москвага келгенде согуш башталып кеткендиктен, жумуш кескин солгундаган жана рублдин куну түшүп, азык-түлүктүн баасы өскөн. 

“Айла жок аз убакыт эле иштеп, өз өлкөмө кайтып келдим. Эми Европага же Улуу Британияга кетейин деп, азыр мүмкүнчүлүктөрдү карап атам. Мамлекет дагы Британияга кетирип жатыптыр, бүгүн документ тапшырганы келдим”, — деп билдирди ал. 

Улуу Британияга агылган жаштар көп

Биз Улук менен көчөдө баарлашып басып бараттык. Ал азыр Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетке барып, Улуу Британияга жумушка кетүү үчүн керектүү документтерин тапшырып, арыз толтуруп чыгышы керек. Аны менен кошо биз дагы аталган окуу жайга бардык. Бирок, тилекке каршы, кишинин көптүгүнөн Улуктун кезеги дагы эки күнгө жылдырылды. Анткени ал жакта төрт миңге жакын адам арыз толтуруу үчүн келишкен экен. 

Сырттан байкоо салып, айрым адамдарды кепке тартканга аракет кылдык. Өзүн Алиаскар деп тааныштырган 22 жаштагы улан, Нарын шаарынан келгенин, былтыр дагы Улуу Британияга кетүү үчүн арыз таштап бирок, анын арызы кабыл алынбай калганын айтты.

Өлкөдөгү жакырчылык 2023-жылы 30%га өсүшү мүмкүн

Өлкөдө жакырчылыктын жана жумушсуздуктун деңгээли мурдагы жылдарга салыштырмалуу кескин өскөн. Экономисттер жана эл аралык уюмдар 2023-жылы жакырчылыктын деңгээли дагы 30%га өсүшү мүмкүн экенин эскертип, коңгуроо кагышууда. Алсак 2021-жылы өлкөдө жакыр катмардын саны 9% өсүп, алар өлкө калкынын 33,3% түзгөн болчу. Ал эми 2022-жылдагы маалымат расмий жарыялана элек.

Мурда өлкөдө жакыр жашаган көпчүлүк үй-бүлөдөн жок дегенде бирден адам Орусияга мигрант болуп иштеп кетчү. Орусия Украинага карата согуш ачкандан кийин 2022-жылдан тарта ал жактагы мигранттар өз өлкөсүнө кайтып келип, эми алардын агымы Европаны көздөй багытын өзгөрттү.

Миграция департаментине караштуу Маалыматтык-консультациялык борбордун маалыматы боюнча, кыргызстандыктарды ишке орноштуруунун Орусиядан башка багыттары — Түркия, Перс булуңундагы өлкөлөр, Чыгыш Европа жана Германия болуп саналат. Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Оман, Бахрейн, Сауд Арабиясы, Кувейт, Польша, Чехия, Болгария, Литва, Латвия, Словакия, Хорватия өлкөлөрү да кыргызстандыктарды жумушка кабыл алат. 

Бирок бардыгынын эле талаптары оңой боло бербейт. Биз аталган өлкөлөргө жумушка жөнөткөн компаниялардын социалдык баракчаларына кирип, талдап көрдүк. Жыйынтыгында мигранттарды жумушка жиберген компаниялар көпчүлүк учурда тил билүү талабын коюшарын байкадык. 

Аталган маалымат сайтында жазылгандай чет өлкөлөрдөгү иш орундарынын негизги багыттарын тейлөө кызматы, өндүрүш, курулуш жана жүк ташуу тармактары түзөт. 

“Кесипкөй адистерди табуу кыйындады”

Кыргызстанда жумушка жарамдуу жаштар Европага агылса, өлкөдө курулуш жана талаа иштеринде жумуш солгундаганын ишкерлер айтышууда. Биз 600гө жакын адамды жумуш менен камсыз кылган “Минур” өндүруштүк ишканасынын техникалык бөлүмүнүн директору Акылбек Исмаиловду кепке тарттык. 

“Жылда жаз, жай айыларында кадр тартыштыгы жаралып, оор техника айдаганга жумушчуларды табуу кыйынга турат. Өзгөчө былтыр жазында анан жайында жумушчу табуу өтө кыйын болду. Адам жок болуп, кесипкөй адистер аз болуп, жада калса прорабдарды таба албайсың. Бир эле курулуш тармагында эмес, бүт бардык тармакта ошондой кырдаал жаралды. Бирок кыш мезгилинде жумушчуларды табуу жеңилдеп калат”, – деп белгиледи ал.

Мигранттардын Европага агылышынын оң жана терс жагы

Өкмөт жумушсуз отурган кыргызстандыктарды Европага жумушка орноштуруп, жакырчылыктан чыга алабы? Бул боюнча эксперттердин пикирин угуп көрдүк. 

Экономика боюнча эксперт Кубан Чороев Кыргызстандагы ишкерлердин кирешеси азайып жумушчуларга туруктуу айылык төлөп бере албагандыктан Европага агылган мигранттардын саны мурдагыдан дагы өскөнүн белгиледи.

“Орусия менен Украинанын ортосунда согуш башталгандан бери ал жактагы мигранттар өлкөгө кайтып келе баштады. Эми Кыргызстандын өзүндө эле 100 миңден 200 миңге чейин адам туруктуу жумушу жок каттоодо турат да. Демек мигранттардын кайтып келиши, бул кырдаалды дагы да болсо курчутуп, алар башка мамлекеттерден жумуш издөөгө мажбур болушат. Өнүккөн өлкөлөрдө пандемиядан кийин жумушчулардын саны азайып, алар дагы чет жерлерден жумушчуларды тартууга муктаж. Ал эми бизде киреше өтө аз болгондуктан ишкерлер дагы жумушчуларды туруктуу камсыздай албай жатат”, – деди ал.

Ал эми дагы бир экономист Искендер Шаршеев миграциянын артыкчылыгы жана кемчиликтерине токтолду. Ал бир жагынан мигранттар үй-бүлөлөрүнө жардам берип, экономикага салым кошот десе, экинчи жагынан айрымдары Европадан дискриминацияга же эксплуатацияга туш болушу ыктымал экендигин эскертти.

“Кыргызстандан Европа өлкөлөрүнө эмгек миграциясынын өсүшү мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууда. Алар өз өлкөсүндөгүгө караганда көбүрөөк айлык алып, жакшыраак иштөө шарттарына ээ болушу мүмкүн. Экинчи жагынан, эмгек миграциясынын терс таасирлери да болушу мүмкүн. Мисалы, кээ бир мигранттар кабыл алуучу өлкөдө дискриминацияга же эксплуатацияга туш болушу мүмкүн. Мындан тышкары, Кыргызстанда эмгекке жарамдуу калктын олуттуу бөлүгүн жоготуу жергиликтүү экономикага терс таасирин тийгизет”, – деди Шаршеев.

Анын айтымында, мигранттардын финансылык абалы, үй-бүлөсүндөгү жагдайы алар барып эмгектенип жаткан мамлекеттин экономикасына байланыштуу болот. Ошондой эле алардын укуктарынын жана жыргалчылыгынын корголушу маанилүү.