
28-майда Бишкектин айрым көчөлөрүндө 14 саатка суу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.
Маалыматка ылайык, 28-майда саат 10:00дөн 00:00гө чейин Ч. Айтматов проспекти – И. Ахунбаев көчөсү – Ш. Руставели көчөсү – А. Баатыр көчөсү – Жунусалиев көчөсү – Грибоедов көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү – Садырбаев көчөсү – Коперник көчөсү – Курчатов көчөсү – Ташауз көчөсү – Айни көчөсү менен чектелген аймакта суу болбойт.
Суу Шота Руставели көчөсүндөгү Д= 300мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.







