
21-майда АКШнын Ак үйүндө Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсаловдун АКШнын президенти Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аземдин жүрүшүндө элчи Эдил Байсалов АКШнын лидерине президент Садыр Жапаровдун атынан жылуу саламдарын жана эң жакшы каалоо-тилектерин жеткирди, ошондой эле Кыргызстандын кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого берилгендигин ырастады.
Өз сөзүндө Эдил Байсалов Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон алгачкы жылдардан тартып Америка Кошмо Штаттары тарабынан көрсөтүлүп келген колдоону жогору баалай турганын белгилеп, ошондой эле АКШнын администрациясына Борбор Азия жана регион өлкөлөрү менен мамилелерди өнүктүрүүгө тарыхый деңгээлде жогору көңүл буруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Дональд Трамп ишеним грамоталарын кабыл алып жатып, Кыргызстандын жаңы элчисин куттуктап, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Америкалык лидер эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы жылуу мамилелерди АКШ жогору баалай турганын белгилеп, Эдил Байсаловдун келиши байланыштарды чыңдоого жана саясий-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Аземдин жыйынтыгында элчи ишеним грамоталарын тапшыруусуна карата Вашингтондогу Кыргызстандын элчилигинде дипломатиялык кабыл алуу уюштурулду.






