
Борбор калаада түнкүсүн да автобустар жүрөт. Бул туурасында Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Андагы жол кире 50-70 сомдун тегерегинде болмокчу.
Калаа башчысы жалпы автобустарга токтолуп, 200үнө кондиционер орнотуларын айтты. Мындан тышкары, автобус жүргөн бардык көчөлөр үчүн атайын чийиндер түшмөкчү.
“Учурда жаңы маршруттарды тузүп жатабыз. Анткени жаңы автобекет жана “Ош” базары курулууда. Тейлөө үчүн шаарды тегерете автобустар жүрө баштайт”, — деди мэр.
Бүгүн шаар башчысы ЖМК өкүлдөрү менен жолугуп, ишин көрсөтүп жүрөт.






