
Бишкекте Курман айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Айт намазын өткөрүүнүн тартиби жана программасы:
06:30 — 07:00 — Куран окуу жана баяндамалар;
07:00 — 07:25 — куттуктоо жана Курман айттын пазылеттери;
07:25 — 07:30 — айт намазын окуунун тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
07:30 — айт намазын окуу жана дуба кылуу.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Курман айт майрамы 27-майда белгиленет. Ал эми 26-май арапа күн






