
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин инспекторлору тарабынан «Достук» өткөрүү пунктунда фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда Өзбекстан Республикасынан келген 21 тонна дарбыз текшерилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, подкарантиндик продукциянын таңгагында милдеттүү маркировканын жок экендиги аныкталып, ЕАЭБдин карантиндик фитосанитардык талаптары бузулгандыгы аныкталды.
Натыйжада жүктү Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө тыюу салынып, продукция мыйзам талаптарына ылайык кайра артка кайтарылды.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу, ички рынокту коргоо жана карантиндик зыяндуу объекттердин кирүүсүнө жол бербөө багытында көзөмөл иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.






