Бишкекте үрөй учурган жол кырсыкта унаа экиге бөлүнүп кеткен

Бишкекте 22-январга караган түнү Түштүк Магистралда катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа жарнамалык щитти сүзгөн.

Бул туурасында окуяны жеринде күбөлөр видео менен соцтармактарда бөлүштү.

Аталган жол кырсыкта унаа экиге бөлүнүп кеткен. Унаада төрт адамдын экөө мерт кеткен.

Кайгуул милиция окуя тууралуу маалымат бере элек.

Кошумча маалымат берилет.