Энергетикалык бөлүштүрүүчү жеке ортомчу компаниялардын саны кыскарды

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Президент Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстанда энергетикалык бөлүштүрүүчү жеке ортомчу компаниялардын саны олуттуу кыскарды.

Учурда алардын саны 28ден 12ге чейин кыскарды.

Азыркы тапта электр энергиясын калкка жеткирүү процессинде энергетикалык жеке ортомчу компанияларды толук жою үчүн оптимизациялоо иштери уланууда.