Бишкек мэриясы шаардык такси кызматын электромобиль менен иштетүүнү пландоодо

Долбоор ышка каршы күрөшүү чараларынын алкагында иштелип чыгууда.

“Биз бир нече инвесторлор менен такси кызматына электромобилдерди киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштадык. Жок дегенде 500 унаадан баштаса жакшы болмок. Андан кийин Бишкекте такси айдаган айдоочуларды жаңы унааларга өтүүгө чакырсак болот”, — дейт ал.

Эмилбек Абдыкадыров муниципалдык адистер дагы катализаторлор боюнча Экология, Транспорт, Ички иштер министрликтери менен биргеликте сунуш даярдап жатканын жана ал министрлер кабинетине сунушталарын белгиледи.

“Такси кызматтарын негизинен аймактардан келгендер көрсөтүшөт. Коопсуздук, тазалык, айдоочулардын квалификациясы, унааларынын абалы боюнча эч ким көзөмөлдөбөйт. Алардын унааларында катализаторлор жок, жүргүнчүлөрдү ташуудагы техникалык талаптарга жооп берип-бербеши көптөгөн суроолорду жаратууда”, — деп кошумчалады мэр.