Мэр: “22 көмүр от казандарын газга өткөрөбүз”

Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда ал Бишкек шаарын өнүктүрүү планын айтып, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Мэр ыш маселесин чечүү боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду.

«Ыш маселеси өтө курч болду. Буга байланыштуу Министрлер кабинетине 23 сунуш киргиздик. Быйыл 22 көмүр от казандарын газга өткөрөбүз. Түркиядан шаймандарды алып келдик. Жылытуу сезону бүткөндөн кийин алмаштыруу иштери башталат. Ошондой эле Бишкек шаарына Кара-Кеченин көмүрүн жагууга чектөө боюнча сунуш киргиздик. Өкмөт макулдугун берди. Жаңы конуштарды дагы газга өткөрүү керек», – деди ал.

Белгилей кетсек, дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексине ылайык, Бишкек биринчи сапка чыккан. Ага ылайык, абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен.