Улуттук китепкананын директору Башкы прокуратурада сурак берди

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулова Башкы прокуратурада сурак берди. Бул тууралуу «АКИpress» агенттигине өз булактары билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Иманкулова Башкы прокуратурага 27-февралда суракка чакырылган. Буга чейин прокуратура кызматкерлери Улуттук китепкананын ишмердүүлүгүн текшерген.

Иманкулова китепкана жетекчиси кызматына 2021-жылы май айында дайындалган.