Бишкек мэри: “Быйыл Бишкек шаарына 1,5 миң автобус алынып келет”

Бүгүн, 1-мартта «Кабар» Улуттук маалымат агенттигинде Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаанын мэриясынын ишмердүүлүгү жана 2023-жылга карата милдеттери тууралуу маалымат жыйын курууда.

Анын айтымында, келе турган автобустар газ же же электр энергиясы менен жүргөн экологиялык жактан таза унаалар болот. Алар Кытай жана Беларустан алынат.

«Бишкекте кичи автобустар болбошу керек», — деди ал.

Ошондой эле, ал автобустардын келиши менен Бишкекте коомдук унаа жана жол тыгын маселеси чечиле турганын убада кылды.