Бишкектин мэри жаш манасчыга белек тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 10 жаштагы манасчы Касымбек Бердикуловду кабыл алды.

1024x682xwhatsapp image 2023 03 24 at 13.58.27 3.jpeg.pagespeed.ic .NWZpin9Bq1 Бишкектин мэри жаш манасчыга белек тапшырды

Мэриядан билдиришкендей, Касымбек Бердигулов Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы чек арада жайгашкан Жети-Таш айылында жашайт. Учурда Шер Ташполотов атындагы орто мектебинде 4-класста окуйт.  Ал  33 миң 200 окуучу катышкан “Манас таануу” телетаймашынын уюштуруу тобу менен 44 район, 32 шаарды кыдырып,  Манас айтып келген.

“Манастын 3 окуясын жатка билген Касымбек мэрге анын бир окуясынан үзүндү айтып берди. Баарлашуу учурунда мэр Касымбектин Манас дүйнөсүнө кандайча аралашып калгандыгына кызыкты. Анда ал, айылына чоң манасчылар баргандыгын, ошондон улам кызыгуусу артып, инисине Манасты айтып берип,  жаттатып жүрүп, өзү дагы аралашып кеткендигин сөз кылды”, — деп айтылат маалыматта.

Кичине манасчыга калаа башчысы ыйык өнөрдү аздектеп жүргөндүгүнө ыраазычылыгын айтып, белектерин тапшырды.

Касымбек Бердигулов Баткен облусунан чыккан кичинекей манасчы.

1024x682xwhatsapp image 2023 03 24 at 13.58.27 4.jpeg.pagespeed.ic .skhQyT33e1 Бишкектин мэри жаш манасчыга белек тапшырды