Илья Варламов «чет элдик агент» деп жарыяланды

Россиянын Юстиция министрлиги блогер Илья Варламов менен «Агора» эл аралык укук коргоо уюмунун башчысы Павел Чиковду «чет элдик агенттер» деп жарыялады.

Мындан тышкары бул тизмеге кумсалардын мамилеси жөнүндө жазган «Парни Плюс/Парни+» сайты, «Воля» партиясынын башчысы Светлана Лада-Русь (Пеунова) жана «Дождь» телеканалынын мурдагы журналисти Богдан Бакалейко да киргизилди.

Россиянын Юстиция министрлиги Варламов менен Чиков «бийликтин саясаты жана кабыл алган чечимдери жөнүндө туура эмес маалымат» тараткан деп эсептейт. Мекеменин пикиринде, Варламов чет элдик булактардан колдоо алып турган. Чиков чет элдик агенттердин материалдарын таратууга айыпталууда.

Россияда «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, Юстиция министрлиги чет элден колдоо алган жана саясий ишмердүүлүк менен алектенген жеке уюмдарды «чет элдик агент» деп тааныйт.