Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга карата рейд башталды

Кыргызстандын аймагында терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга карата рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, рейд бүгүн, 28-февралда башталып, 10-мартка чейин уланат. Анын жүрүшүндө автоунаасынын маңдайкы жана каптал терезесин мыйзамсыз караңгылаткан жана уруксатсыз кошумча жабдууларды колдонгондор аныкталат.