“45 млн доллар жумшалат”. Калаада таштандыны иштетүүчү заводду чехиялык комания курат

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводду чехиялык Regreen команиясы курат. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта маалымат жыйында шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, заводдун курулушуна 45 млн доллар кетери пландалууда. Каражатты аталган компания бөлөт.

«Бүгүн-эртең жол картага кол коебуз. Курулуш качан башталып, качан аяктары тууралуу маалымат берилет», — деди ал.

Ал билдиргендей, Чехия тарап менен бирге таштанды полигонун, таштанды заводун, таштандыны чыгарууну караган бирдиктүү оператор болуп, ал «Тазалык» ишканасы менен иштешет.

“Аталган компания таштандыны жүз пайыз иштетет”, – деп убадалады мэр.