Адилет Балтабайдын апасы президентке кайрылды

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал активист Адилет Али Мыктыбектин апасы Сайкал Жунусова уулунун эркиндиктен ажыратылып, камака алынышына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Кайрылууда Сайкал Жунусова уулу күнөөсүз соттолгонун, ага карата иш боюнча адилеттүү чечим чыгышына жардам берүүнү суранган.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, мен энелик жүрөгүм ооруп, сыздап турганым үчүн кайрылуу жаздым. Сиз президент болгонуңузда чын жүрөктөн сүйүнгөн элем. Сиз мамлекетибизде адилеттүүлүктүн, чындыктын, тынчтыктын гаранты болуп берем деген элениз! Кыргызстан тез аранын ичинде өнүгүү жолуна түшөт, коррупцияны түп тамырынан токтотобуз, өнөр жай ишканалары курулат ж.б. стратегиялык багыттагы мыкты идеяларды ишке ашырууну айткан элеңиз! Ишти алгач жакшы баштагансыз – мыйзамсыз байыган коррупционерлердин акчасын мамлекеттин эсебине төктүрүп, Кумтөр алтын кенин өлкөбүздүн карамагына өткөрүп алып!

Бирок элибиздин салтына, наркына, менталитетине каршы келген кумаркана оюндарын ачууну мыйзамдаштырууга жол бергендигиңиз эл ичинде терс пикир жаратты. Элге адал эмгек менен жашоонун үлгүсүн көрсөтүп, кумаркана иштетүү мыйзамына каршы турууңузду элиңиз күткөн. Мына ушул кумаркана ачуу мыйзамы элибиздин салт-санаасына, нарк-каадасына каршы, туура эмес экенин эл, өзгөчө жаштар ачык-айкын пикирин айтып чыгышты! Алардын ичинде Адилет да бар эле. Сизге кошомат кылгандар июлда Адилетти мыйзамсыз камакка алышкан! Сот процесси жүрүп, күнөөсүз баламды таза актай албаса да, калыстык тарапка жакыныраак чечим менен чыгарышкан эле.

Адилет өзүнүн абалын билгендиктен Кемпир-Абад суу сактагычына карата камалгандарга боштондук деп (10-январда өткөн акция — ред) уюштурулган митингде сөзгө да чыккан эмес! Бирок митингге келген элди милициялар автобуска салып алып кетишкен. Ал эми Адилет «мен мыйзамды бузган жокмун» дегенине карабастан милициялар машинасына мажбурлап салып кетишти!

Мына ушундай түккө арзыбаган мыйзамсыз себептер менен эле дагы күнөө тагылып, 12-январь күнү шаардык сотко чакырылганынан барганда, кайрадан камакка алышты! Шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарды. Адилет Али Мыктыбектин конституциялык укуктары сакталган жок!

Биз – ата энеси, туугандары мындай адилетсиз, гуммандуу эмес чечим болорун күткөн эмеспиз!

Кыргызстандын эли өз мекенинде тынч көчөгө чыга албаса, өз оюн ачык айтууга тыюу салынса, кандай статустагы өлкөдө жашап жатабыз?

Урматтуу президент Садыр Нуркожоевич, сизди мамлекетибиздин элинин укугун коргоонун, адилеттүүлүктүн, теңдиктин, азаттыктын сакталуусунун гаранты деп билебиз!

Кыргызстаныбызды экономикалык, социалдык, маданий жактан ар тараптуу өнүктүрүүгө күч үрөп иштеп жаткан аракетиңизди активисттерди мыйзамсыз камоолор, мыйзамсыз чыккан соттук чечимдер жокко чыгарып, сизге жана бүгүнкү бийликке карата элдин ишеничин кетирип жатат!

Бүгүнкү күндө шаардык соттун мыйзамсыз чечими менен билимдүү, мекенчил уулубуз Адилет Али Мыктыбек да темир тор артында отурат! Шаардык соттун мыйзамсыз чечими жокко чыгарылуусуна, уулубуздун эркиндикке чыгуусуна жардам берүүңүздү суранабыз», — деп айтылат кайрылууда.

Кайрылуу Адилет Али Мыктыбектин атасы Мыктыбек Балтабаев, энеси Сайкал Жунусова, жубайы Гүлкайыр Жапарова, бир туугандарынын атынан жасалган.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн (ага «Фейсбук» баракчасына чыгарган посту үчүн 2021-жылы кылмыш иши козголгон).

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган. Биринчи райондук соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

Быйыл 12-январда Адилет Балтабайдын иши Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.