«Достук» чек арасындагы кылмышка шектелген УКТ мүчѳсү кармалды

Бул туурасында Ош ОИИБдин Басма сѳз кызматы Вulak.kg редакциясына кабарлады.

Буга чейин Кара-Суу районунда «Достук» чек ара өткөрмө пунктунда жасалган кылмышка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчѳсү издөөгө алынган.


2021-жылдын 10-июнь күнү Кара-Суу районуна караштуу Сарай айылынын тургуну М. Н. Кара-Суу РИИБге арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында, 2021-жылдын 10-июнь күнү болжол менен саат 14.00 чамасында Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылында жайгашкан “Достук” чек ара өткөрмө пунктунда ага бейтааныш болгон атуул аны уруп, денесине жараат келтиргендиги үчүн мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты ушул эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмүндө (2017-жылкы редакция боюнча «Бейбаштык») көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Кара-Суу РИИБге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


2023-жылдын 18-январында жабырлануучу М. Н. өзүнүн кайрадан берген көрсөтмөсүндө окуя болгон жерде “Ыса жана Акыл” аттуу жарандар уруп, муунтуп, көкүрөк көңдөйүнө уруп, бир кабыргасын сындырып койгондугун билдирген. Алган жараты боюнча соттук-медициналык кортундусу тастыктаган.


2023-жылы 19-январь күнү көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аталган кылмыш иши боюнча шектүү катарында кармалган 41 жаштагы А. А. кылмыштуу шериги уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жана 2018-жылдан бери Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 44 жаштагы А.Ы. кармалган. Кармалган жаран Кара-Суу РИИБнүн УКЖна киргизилди.


Кылмышка шектүүлѳр жабырлануучуну ургандыгын тастыктап берген. Кылмышка шектүү 44 жаштагы А.Ы мурда 5 жолу сот жообуна тартылган.
Азыркы учурда, кылмышка шектүүлөр А.А. жана А.Ы. башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоого багытталган ыкчам-тергөө аракеттери жүрүп жатат. Шектүүлѳргѳ карата баш коргоо чарасы боюнча 2023-жылдын 21-январь күнү каралуусу күтүлүүдѳ.

WhatsApp Image 2023 01 21 at 16.30.32 «Достук» чек арасындагы кылмышка шектелген УКТ мүчѳсү кармалды
WhatsApp Image 2023 01 21 at 16.30.33 «Достук» чек арасындагы кылмышка шектелген УКТ мүчѳсү кармалды