Акылбек Жапаров: «Март айына чейин кампалардын курулушу башталышы керек»

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Акылбек Жапаров бардык аймактарда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларын куруу боюнча тапшырманын аткарылышы тууралуу маалымат сурады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев белгилегендей, учурда үч кампаны, анын ичинде Баткен облусунда да кампа курууга даярдыктар жүрүп жатат.

Министрлер кабинетинин башчысы курулуш иштерин тездетүү зарылдыгын белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылдын март айына чейин кампалардын курулушу башталышы керек. Бул процессти тездетүү керек, анткени бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга тийиштүү биринчи кезектеги маселе болуп саналат. Керектүү каражат бөлүнөт», — деди Акылбек Жапаров.