“Дипломатиялык мамилелерге 30 жыл”:  Лукашенко Садыр Жапаровду куттуктады

Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу Александр Лукашенко президент Садыр Жапаровду куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Достуктун жана сый-урматтын салттарына таянуу менен акыркы он жылдыкта биздин мамлекеттер татыктуу биргелешкен жолду басып өтүштү.

Минск менен Бишкектин өз ара аракеттенүүсү терең жана ар тараптуу мүнөзгө ээ болду. Соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык активдүү өнүгүп жатат, интеграциялык бирикмелердин алкагында конструктивдүү диалог түзүлдү.

Биргелешкен күч-аракеттер менен биздин өнөктөштүгүбүздүн бекем пайдубалы эки өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгында мындан ары да чыңдалат деген ишенимди билдирем», — деп айтылат куттуктоодо.

Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана Ата Мекендин жыргалчылыгы үчүн маанилүү ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.