Жапаров суу чарба кызматкерлерин куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын суу чарба кызматкеринин күнү менен куттуктады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын куттуктоосу:

«Урматтуу суу чарба кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан суу чарба кызматкерлеринин кесиптик күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Өлкөбүз агрардык өлкө болгондуктан элдин басымдуу бөлүгү айыл жергесинде жашайт. Элдин жашоо-тиричилиги түздөн-түз сугат жерлерине байланышып, кирешесин жерден жана малдан көрүп, суу өмүр булагы болуп эсептелинет.

Суу – мамлекетибиздин баа жеткис байлыгы. Биздеги мөңгүлөрдөгү суунун запасы 650 км3 түзүп, ондогон көлдөрүбүз, 3 миңге жакын дарыяларыбыз бар. Бирок, учурда анын 20 пайызын гана иштетебиз. Аны менен бирге, Борбор Азиядагы жалпы суунун көлөмүнүн дээрлик 40 пайызынан ашыгы мамлекетибизде жайгашкандыктан, жалпы региондун келечеги биздин суу пайдалануу саясатын туура жүргүзгөндүгүбүзгө көз каранды.

Ошондуктан, суу тартыш болгон мезгилде суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну талап кылалы, үйрөнөлү жана үлгү бололу.

Азыркы оор учурда бизге дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо, жаңы жерлерди өздөштүрүү, мелиоративдик абалды жакшыртуу жана башка олуттуу милдеттер жүктөлгөн. Республикабыздын азык-түлүк коопсуздугу сиздердин кесиптик ишиңиздер менен тыгыз байланышкан.

Талыкпаган эмгегиңиздер менен өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүнө, мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга андан ары да өз салымыңыздарды кошосуздар деп терең ишенем. Албетте бул чоң жоопкерчилик суу тармагында иштеген 4848 кызматкерге жүктөлгөн.

Акыркы эки жылда суу тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, 2 млрд сомго чейин каражат бөлүндү, анын ичинде техникага 1,2 млрд сомго чейин. Алдыга коюлган реформаларга жана максаттарга биргелешип жетебиз деп ишенем.

Урматтуу суу чарба тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм, сиздерге үй-бүлөлүк бакубат, чың ден соолук, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм! 

Урматтоо менен, 

 А.У. Жапаров».