Мирлан Мурзаев: келечекте жакшы оюн көрсөтөбүз

16-июнда Кыргызстан улуттук курама командасынын Иран менен беттешинен кийин Мирлан Мурзаев комментарий берди. Оюн 1:5 эсебинде Ирандын пайдасына аяктаган.

«Иран Азиядагы эң мыкты курамалардын бири. Өзүңүздөр көргөндөй, биз жетиштүү даярдандык, атаандаштын күчтүү жана алсыз жактарын билчүбүз, бирок машыккандан эч кандай жыйынтык чыгара албадык. Биз үчүн бул Азияга даярданууга дагы бир тажрыйба», — деди ал.

Мирлан Мурзаев CAFA Nations Cup турнириндеги үчүнчү орун үчүн боло турчу беттеш тууралуу да оюн билдирди. «Даярданабыз, артка кайтпайбыз. Азияга эми гана даярдана баштадык, 14 күндүк машыгуу күндөрү артта калды. Даярдыкты улантабыз! Буюрса келечекте жакшы оюн көрсөтөбүз. Күйөрмандарга укмуштуудай колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирем», — деди ал.

Белгилей кетсек, 17-июнда CAFA Nations Cup мелдешинин алкагында «А» тайпасында жыйынтыктоочу беттештер болуп өткөн. Анда Түркмөнстан Оман жана Өзбекстан Тажикстан менен ойногон. Бул оюндарда Оман менен Өзбекстан жеңүүчү чыккан. Ошону менен өз тайпасында 9 упай менен сап башында турган Өзбекстан биринчи орун (Өзбекстан эки оюндун жыйынтыгы менен эле финалга өткөн), ал эми, 4 упай менен экинчи орунду ээлеген Оман коло байге үчүн беттеш өткөрөт.