Кампадагы кумшекердин запасы канча? Жооп

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында 48 миң тонна кумшекер бар.

Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин облустук мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларынын катышуусундагы кеңешмесинде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Ал бул жылы Кыргызстанга аталган продукцияны алып келүү пландалбаганын кошумчалады.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун маалыматына ылайык, кант кызылчасына 14,5 гектар айыл чарба жери бөлүнгөн. Түшүмдүн күтүлүп жаткан көлөмү 790 миң тоннаны түзөт.

«Кайра иштетилгенден кийин бул 85-90 миң тонна кумшекерди түзөт. Бүгүнкү күндө калктын жана кайра иштетүүчүлөрдүн муктаждыгы жалпысынан 140 миң тоннаны түзөт», — деди Жаныбеков.

«Демек сатып алуу керек. Керектүү көлөмдү эсептеп чыгыңыздар. Биз жөнгө салуу жолдорун карап чыгышыбыз керек», — деди министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.

Айтылган маалыматтардын негизинде колдо болгон көлөмдү жана күтүлүп жаткан түшүмдү эске алуу менен быйылкы жылга кумшекердин кору 133-138 миң тоннаны, же Кыргызстандын калкынын жана кайра иштетүүчүлөрүнүн керектөөлөрүнүн зарыл көлөмүнүн 95-98%ын түзөт.

Белгилей кетсек, бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда республикалык кеңешме уланууда.

Ал кечээ, 20-январда башталган. Түшкү тамактан кийин Кыргызстанда иш алып барган каржы институттарынын башкармалыктарынын төрагалары менен жолугушуусу күтүлүүдө