Акчасын берип, батирге жете албай жаткандар бийликке кайрылды

Бишкек шаарында AVAcom курулуш компаниясынан батир алуу үчүн акчасын алдын ала төлөгөн жарандар же батирден, же акчадан кабар жок экенин айтып, нааразы болушууда.

Аталган компаниядан батир алгандардын айтымында, курулуш компаниянын директорунун камакка алынышы аларды тынчсыздандырууда. Батир алгандардын арасында пенсионерлер, чет жерде мигрант болуп иштеп, батирге деп жылдап чогулткан акчасын бергендер бар. Алар бул маселенин оң жагына чечилишине көмөк кылуу үчүн президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, маселени көзөмөлгө алууну суранышат.