“Эл билсин”: Байсалов Бишкектин көркүн бузган чиновниктердин аты-жөнүн жарыялоону сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекти башаламан курулуш жана сапатсыз имараттар менен көркүн бузгандардын аты-жөнүн коомчулукка жарыялоону сунуштады. Мындай пикирин ал облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди.

Мындай демилгени Эдил Байсалов Бишкек башкы архитектурасын Мамкурулуштан мэрияга өткөрүү маселесин талкуулап жатканда көтөрдү.

Ал белгилегендей, шаар буга чейин мындай тажрыйбаны башынан өткөргөн. Жыйынтыгында шаарда башаламан курулуштар көбөйгөнүн билдирди.

«Үйлөргө имаратты ким курган, ким уруксат бергенин көрсөткөн атайын жазууларды илиш керек. Эл билсин», – деди Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул идеяга оң баа берди. Анын айтымында, буга чейин «Бишкек башкы архитектура» ишканасы мэриянын карамагында болуп турганда, ал жакта иштегендер жер тилкелерин курулуш компанияларына бөлүп келишкен. Алар беш жылга жер тилкелерин ижарага алып, үй салып, кетип калышты. Кабинет башчысы мындай болбошу керектигин белгилеп, «Бишкек башкы архитектурасы» мэриянын алдында иштей турган концепцияны иштеп чыгууну тапшырды.