Чүйдө кампадан өрт чыкты

Бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылында жайгашкан кампадан өрт чыкты.

ӨКМден билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпысынан 3 бөлүм жана штаб тартылган. Кампадан чыккан өрт саат 06:41де чектөөгө алынып, 09:34тө толук өчүрүлдү.

Өрт курчаган жалпы аянт 340 чарчы метрди түзүп, пластик сакталган кампа, жыгач иштетүүчү цех жана унаа оңдоочу жайдын чатыры күйгөн.

Өрттөн жабыркагандар жок.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.