Таласта күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран кармалды

Таласта күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-январда Талас районунун Кара-Ой айылында 45 жаштагы Н.А. аттуу жарандын башкаруусундагы (мамлекеттик номери 08 KG 874 AAN) «ДАФ» унаасы токтотулган.

«Текшерүү учурунда тиешелүү документтери жана цистернанын капкактарында контролдук пломбалары жок 36 тонна (баасы 3 млн сомдон ашык) күйүүчү-майлоочу майлар бар экени аныкталган. Учурда күйүүчү-майлоочу майлардын келип чыгышынын бардык жагдайларын изилдөө, ошондой эле милдеттүү салыктыкты төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалытатта.