“Унутуп калган”: Анжеликанын бир жыл мурун жоготкон сааты табылды

Дубай шаарынын полициясы эстрада ырчысы Анжеликанын мындан бир жыл мурун
жоготкон баасы 110 миң дирхам болгон (30 миң доллар) саатын таап берди. Бул тууралуу
маалымат каражаттары жазып чыгышты.


Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, Анжелика Кайратова
аэропортко барар алдында мейманкананын бөлмөсүндө саатын жоготуп алган. Ал
Кыргызстанга келгенден кийин гана сааты жоголуп кеткенин билген. Бул тууралуу ырчы арыз менен кайрылган эмес.


Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын директору, генерал-майор Жамал Салем Аль
Жаллаф билдиргендей, департаментке мейманканадан кыргызстандык турист кымбат баалуу саатын унутуп калгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.