«Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы топ-менеджери Канат Курманов кармалды

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов 2023-жылдын 14-январында «Манас» аэропортунан мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Издөөдө жүргөн К.Курманов Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгына алынып келинген.

«Соттун чечиминин негизинде Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилген. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат», – деп айтылат маалыматта.