Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештеги жыйында УКТны каржылаган саясатчылар тууралуу айткан жок

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевге «Уюшкан кылмыштуу топторду каржылап жаткан саясатчылар кимдер?» деген суроо салды.

Өз кезегинде Нурбек Абдиев учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын, тергөө бүткөндөн кийин гана маалымат бериле турганын белгилеп, төмөндөгүлөрдү билдирди.

“Бул боюнча маалымат бербесек, “жарандар бизге кылмыш иши козголуп, кылмыш жообуна тартылышыбыз мүмкүн” деп кайрылышат. Бул дагы алдын алуу чараларынын бирине кирет. Ошондуктан биз жарандарга “уюшкан кылмыштуу топторго аралашпагыла, алар менен бизнес жүргүзбөгүлө” деген эскертүүлөрдү берип турушубуз керек”, — деди Абдиев.

Өткөн аптада ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында: “айрым ишкерлер, саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болуп, аларды каржылап, чогуу ишкердик жүргүзүп жаткан тууралуу маалымат бар, – деп билдирген.