Турак жайларга уурулукка кирип жүргөн шектүү кармалды

Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучунун маалыматы боюнча, 2022-жылдын 28-октябрында эртең менен Ак-Босого конушундагы үйүнө кирген белгисиз адам зер буюмдарын уурдап кеткен. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») менен катталган.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 43 жаштагы Ш.К. аттуу жаран кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен шектүү №1 тергөө абагына бир айга камакка алынган.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды  0(550) 102 360, 0(559) 808 580 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

635c277b 7bee 4fe8 83ce c1c69d4bc7fa Турак жайларга уурулукка кирип жүргөн шектүү кармалды