Урмамбетов ИИМдин Атайын багыттагы полкунун жыл жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешмесине катышты

Октябрь Урмамбетов ИИМдин Атайын багыттагы полкунун жыл жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешмесине катышты

2023-жылдын 11-январь күнү ички иштер минстринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун катышуусунда атайын багыттагы полкунун 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме болуп ѳттү. Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө полктун командири милициянын полковниги Бакыт Матмусаев 2022-жылдын ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк боюнча маалымат берди. Ички иштер министринин орун басары ыкчам кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ички иштер органдарынын алдына коюлган милдеттерди белгиледи.

Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө, атайын багыттагы полкунун өздүк курамынын ишмердүүлүгүн жаңылатуу, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ар бир кызматкер күнүмдүк кызматта ѳздѳрүнүн алдына коюлган тапшырмаларды ак ниеттүүлүк менен аткарып, сылык жана маданияттуу мамиле кѳрсѳтүп, элдин милицияга болгон ишеничин арттыруу керектигин билдирди.

Андан сырткары ал милиция кызматкерлеринин аброюн кѳтѳрүү, полктун жамаатына ыңгайлуу моралдык-психологиялык климатты калыптандырууну камсыз кылуу жана ѳздүк курамды биримдикке, ынтымакка тарбиялоо, кызматкерлердин мекенчилдик сезимин, берген антына жана кызматтык тапшырмасына берилгендигин калыптандырууга багытталган иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү тапшырды. “Мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти кынтыксыз сактоо боюнча алдын-алуу иш-чараларын жүгүзүү, атайын багыттагы полктун аброюна шек келтирген терс кѳрүнүштѳргѳ жол бербѳѳнү талап кылам. Калк арасында милициянын беделин жогорулатуу боюнча иш-чараларды ѳткѳрүү, ѳздүк курамдын тарбиялык жана руханий адеп-ахлактык абалын жакшыртуу боюнча окутуу иштерин улантуу керек”,-деди ички иштер министринин орун басары.


Жыйынтыгында полктун командири милициянын полковниги Бакыт Матмусаев башкармалыктын, бөлүмдөрдүн башчыларынын жана бөлүктөрдүн командирлерине жогоруда коюлган тапшырмалырды кынтыксыз аткарып, кетирилген кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюну табыштады.

1f27c6f1 ffec 430b b7ad d1a0b920df2e Урмамбетов ИИМдин Атайын багыттагы полкунун жыл жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешмесине катышты
ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сѳз кызматы