Кызыл-Кыя: Милиция үй-жайы жок жарандарды реабилитациялык борборго жеткирүүдө

Бул туурасында Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы Вulak.kg редакциясына билдирди.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери 2023-жылдын 11-13-январь күндөрү кыш мезгилинде аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана ызгардуу суукка байланыштуу “Селсаяк” аталышындагы алдын алуу иш-чараларын уюштурууда.

Бул иш-чаранын максаты туруктуу жашаган жери жок селсаяктардын, тилемчилик менен күн өткөргөн адамдардын өлүмүнө жол бербөө. Анын негизинде милиция кызматкерлери шаар аймагын кыдырышып, аныкталган тилемчилик менен күн өткөргөн адамдарга, селсаяктарга ысык чай беришип, аларды “Шанс каждому” реабилитациялык борборуна камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүшүүдө.

WhatsApp Image 2023 01 12 at 07.20.43 1 Кызыл-Кыя: Милиция үй-жайы жок жарандарды реабилитациялык борборго жеткирүүдө
WhatsApp Image 2023 01 12 at 07.20.43 Кызыл-Кыя: Милиция үй-жайы жок жарандарды реабилитациялык борборго жеткирүүдө