7 888 700 АКШ доллар өлкөдөн чыгарып кеткен жаран кармалды

Бул туурасында ИИМден Bulak.kg редакциясына билдиришти.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары буга чейин кылмыштуу кирешелерди легалдаштырган фактыны аныкташкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүндө (мурдагы 2017-жылдагы редакция боюнча) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча катталган.


Жаран О.Р. жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн учурунда башка адамдар менен макулдашып алып, мамлекеттик бюджетке милдеттүү болгон төлөмдөрдү төлөөдөн качып, кылмыштуу жол менен алынган өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып алуу боюнча кылмыштуу схеманы түзгөн.


2018-жылдын февраль айынан июль айына чейин жогорудагы жаран чет өлкөнүн бирине банк аркылуу 7 888 700 АКШ долларын которгон. Акча каражаттар текстиль өндүрүшү менен алектенген ишканалардын дарегине ар кандай чет өлкөлүк банктарга которулган. Бирок, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, жеке ишкердин сырткы экономикалык ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматы боюнча бул көрсөтүлгөн аралыкта, тактап айтканда түзүлгөн келишимдер жана макулдашуулар боюнча жеке ишкер О.Р. дарегине чет өлкөлөрдөн товарлар келген эмес.


Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамынын талаптарын аткаруу боюнча текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, жеке ишкер О.Р. 2018-жыл үчүн 43 324 000 сомдон ашык акча каражатын салык үчүн төлөбөгөндүгү аныкталган.


2022-жылдын 21-декабрь күнү жаран О.Р. карата Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. 2022-жылдын 27-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ички иштер министрликтеринин интерполдору аркылуу жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүдө Москва шаарынын аймагынан жаран 1989-жылы туулган О.Р. кармалган. Москва шаарынын Перов райондук сотунун 2022-жылдын 30-декабрындагы токтомуна ылайык, жаран О.Р. карата бир айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Кармалган жаранды өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси менен компетенттүү органдар алектенүүдө.